Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:55

Бишкек - Ош унаа жолу кар көчкү түшүп жабылды


Бүгүн саат 06:10до Бишкек - Ош унаа жолунун 246-чакырымында 105 миң метр3 кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу жол жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов "Азаттыкка" билдирди. Жол 25-ноябрдын саат 18:00нө чейин убактылуу жабылды. Учурда кар көчкүнү тазалоо иштерине тиешелүү техника тартылып, иш жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен түзүлгөн атайын ыкчам топ жана куткаруучулар кар көчкү түшкөн аймакта иштеп жатышат. Өткөн аптада Кара-Кулжа районунда кар көчкү астында бир адам калып, набыт болгон. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG