Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

КТРКнын Байкоочу кеңеши парламентти айыптады


Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) Байкоочу кеңеши парламент КТРК боюнча мыйзамды кабыл алып жатканда Конституцияны да, мыйзамды да бузду деп эсептейт. Мындай билдирүүсүн Байкоочу кеңеш бүгүн таратты. Парламенттин, президенттин жана премьер-министрдин ортосундагы макулдашылган долбоорду кабыл алуу жүрүп жатат деген шылтоо менен коомчулук каршы чыккан долбоор кабыл алынып калганы айтылат.

Ондогон жылдар бою мамлекеттик болуп келген телерадиоканал былтыркы бийлик алмашуудан кийин коомдук болуп кайра түзүлгөн. Убактылуу өкмөт анын Байкоочу кеңешин түзүп, курамына медиа-эксперттер, жарандык коом өкүлдөрү кирген. КТРК жетекчисин мурдагыдай өлкө президенти эмес, Байкоочу кеңеш тандап калган.

Убактылуу өкмөттүн декрети менен түзүлгөн Байкоочу кеңеш тарап, анын ордуна жаңы курам келишин караган мыйзам долбоору парламентте иштелип чыгып, президенттин каршы пикирине карабай, кабыл алынды.

Мыйзамдын авторлору баары мыйзам чегинде жасалганын айтышууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG