Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:09

Өзгөндө кайын энелер мелдешет


Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борбору “Эң мыкты кайын эне” мелдешин уюштурууда. Өзгөн районунун Мырзаке айыл өкмөтүндөгү ар бир айылдан тандап алынган кайын энелер 28-ноябрь күнү үй-бүлөдөгү зомбулукту болтурбоо жаатында интеллектуалдык мелдешке катышышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган борбордун жетекчиси Дарика Асылбекова билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөлөрдүн бузулушуна көп учурларда кайын энелер да себепкер болушат.

“Зомбулуксуз жашоого чакырыктар көбүнчө жаштардын арасында жүргүзүлөт. Чындыгында улгайган адамдар деле үйдөгү зомбулукта негизги ролду ойношот. Айрыкча келиндерге карата кайын энелер тарабынан басмырлоо дээрлик ар бир үйдө кездешет”,- дейт Дарика Асылбекова.

Иш-чара “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн” алкагында уюштурулуп жатат. Аны өткөрүү үчүн пилоттук аймак катары Мырзаке айыл округу тандалган. Мелдешти Кризистик борборлордун республикалык ассоциациясы каржылоодо. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG