Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

Ошто ВИЧ жуккан балдар үчүн окуу борбору ачылды


ВИЧ жуккан балдар эми атайын окуу борборунан сабак алышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Оштогу өкмөттүк эмес “Рейнбоу” маалыматтык борборунан билдиришти.

Балдар математика, сүрөт тартуу жаатында сабак алуу менен акыл-ой чеберчиликтерин өркүндөтүшөт. Аталган окуу борбору Финляндия элчилигинин колдоосу менен ачылды. Окутууну “Рейнбоу” маалымат борборунун адистери жүргүзүшөт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда 283 балада ВИЧ бар. Алардын 191ине ВИЧ дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ооруканаларда жуккан. Балдарга ВИЧ жуккан учурлар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында катталган. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG