Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Түптө мектеп окуучусунун өлүмүнө шектүүлөр суракта


Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тогуз-Булак айылында мектеп окуучусунун өлүмүнө шектүү делген 5 бала кармалып, учурда милицияда сурак берип жатышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" райондук милициядан кабарлашты.

Тогуз-Булак орто мектебинин 11-классынын 5 окуучусу 9-класста окуган 6 баланы кечээ кечинде, саат жети чамасында айыл четине алып барып сабаган. Улуулары өзүнөн кичүүлөрдү коркутуп, аларга үстөмдүк кылууга аракеттенген. Ур-токмок жеген балдардын биринин ашказан алдындагы талылуу нерв түйүнү жабыркап, ооруканага жеткирилген. Бирок эсине келе албай каза болгон. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG