Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

Жалал-Абадда майып аял өз жанын кыюуга аракет жасады


Жалал-Абаддагы үй-жайсыз, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жалгыз-жарым жарандардын көйгөйлөрүн Лидия Фомова атындагы калкты социалдык жактан коргоо боюнча республикалык бирикменин Жалал-Абаддагы бөлүмү козгоп чыкты. Бөлүмдүн төрайымы Лидия Линдоренконун 24-ноябрда билдиргенине караганда, керебеттен тура албаган же баса албаган мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугун коргоо, алар менен жекеме-жеке иштөө боюнча мыйзам иштебей жатат. Бөлүм көчөдө жашаган 22 адамды каттаган.

Басууга жарамсыз кишилерге көрүлгөн камкордуктун начардыгынан жакында депрессия оорусу бар 1-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген аял өз жанын өзү кыюуга аракет кылып, азыр ооруканада жатат.

Жалал-Абад шаар мэри Бакытбек Адылов мэрия көчөдө жашаган үйсүз адамдар үчүн реабилитациялык борбор ачуу долбоорун иштеп чыкканын билдирди. Ал долбоор шаардык Кеңештин сессиясына сунушталат . Жалал-Абад шаардык Кеңеш бөлгөн каражат менен шаардагы “Кайрымдуулук” борборунда күнүнө түшкүсүн бир маал 87 адамга жылуу тамак берилип жатат. (YA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG