Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

Баткенде кыргыз-өзбек чек арасындагы абал боюнча сүйлөшүү жүрөт


Баткенде кыргыз-өзбек чек арасындагы учурда түзүлгөн абал боюнча сүйлөшүү жүргүзүлөт. Бул тууралуу Баткен облус губернаторунун коргонуу маселелери боюнча орун басары Саитжан Эратов «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, акыркы он күндө Өзбекстан Сох анклавы аркылуу транзиттик каттамда Баткендин тургундарын чек арада текшерүүнү күчөттү. Мындан тышкары, Кыштут айыл округунун аймагына каттодо Сай айылынын тургундары да кошуна чек арачыларынан кыйналышканын даттанып облустук бийликке кайрылышкан. Ошондой эле бир жума мурда Өзбекстандын чек арачылары Таян айылына карай 3 чакырымдай жылып алган.

«Ушул маселелерди чечүү үчүн кыргыз чек арачылары чечкиндүү кадамдарды жасабагандыктан, облустук бийликтин демилгеси көтөрүлүп, Өзбекстандын кызматтары менен 25-ноябрда сүйлөшүү жүргүзөбүз»- дейт гберантордун орун басары Саитжан Эратов. (JsA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG