Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Ошто “Авиа Трафик” авиакомпаниясына нааразы болушууда


“Авиа Трафик” компаниясы “Жүргүнчүлөрдү ташуу жөнүндөгү” эл аралык Варшава конвенциясынын талаптарын аткарбай жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Төлөгөн Келдибаев билдирди.

Анын айтымында, Ош-Бишкек каттамы боюнча учкан аталган компаниянын учактары белгиленген мөөнөттөн бир топ кечигип абага көтөрүлүүдө.

“Аба ырайы катаал болбогон учурларда деле мындай жүйөөсүз күттүрүүлөр болуп жатат. Натыйжада, балалуулар, оорукчан жүргүнчүлөргө ыңгайсыздыктар жаралып жатат. Бизге бул жаатта акыркы учурларда нааразы болуп кайрылгандар көбөйүүдө”,- дейт Төлөгөн Келдибеков.

Варшава конвенциясы 1929-жылдын 12-октябрында кабыл алынган. Ага ылайык, учуу белгиленген мөөнөттөн кечиксе, аны аткарып жаткан авиакомпания жүргүнчүлөрдү тамак-аш жана убактылуу күтүүгө турак жай менен камсыздоого милдеттүү.

"Авиа Трафик" компаниясы жогоруда айтылган айыптарды четке какты. "Варшава конвенциясынан тышкары кыргыз мыйзамдары бар. Алар боюнча, тамак-аш учуу мөөнөтү 2 саатка кармалса, ал эми турак-жай 6 саатка кармалса гана берилет. Бизде анчалык убакытка кечиккен учурлар боло элек. Кечиккен учурлардын себеби техникалык жагдайларга байланыштуу", - дешти "Авиа Трафиктен". (SE/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG