Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

Египет генералдары калктан кечирим сурады


Египетти бийлеген Жогорку аскерий кеңеш полиция менен демонстранттардын алты күндөн берки кагылыштарында кан төгүлгөнү үчүн кечирим сурады. Ошондой эле адамдардын өлүмү үчүн жооптуулар жоопко тартыларын билдирди. Аскерий жетекчиликти тезинен бийликтен кетүүнү талап кылган элдик чыгуулар учурундагы кагылыштарда кеминде 35 киши өлгөнү кабарланууда. Февралда президент Мубарак кулатылгандан берки мындай эл көп катышкан нааразылык акциялары боло элек эле. 28-ноябрда Египетте парламенттик эркин шайлоо башталат. Бул акыркы ондогон жылдардагы биринчи эркин шайлоо болот деп боолгонууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG