Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Косово сербдери НАТОчу аскерлер менен салгылашты


Косовонун түндүгүндө НАТОнун аскерлери менен жергиликтүү сербдердин кагылышы болду. НАТОлук аскерлер серб калктуу аймакка өтчү жолду бөгөгөн тоскоолдуктарды алып салууга каршылык көрсөткөн адамдарды таркатуу үчүн көздөн жаш агызчу газ пайдаланды. Косовонун түндүгүндөгү сербтер быйыл жайдан бери жолду бууп, албан бийликтери жөнөткөн бажы инспекторлорун жана полицияны өткөрбөй жаткан. Бул аймакта жашаган сербдердин көпчүлүгү 2008-жылы алар жашаган жерлердин Сербиядан кесилип, Косовонун карамагына кирүүсүнө каршы болушкан. Евробиримдик Сербияга кайрылып, эгер болочокто Биримдикке мүчөлүккө талапкер статусун алууга кызыкдар болсо, Косово түндүгүндөгү чатакты жөндөөгө салым кошууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG