Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Евробиримдик жөнүндөгү келишимди өзгөртүү сунушталды


Европа Биримдигинде экономикадагы жакшы башкарууну кепилдөө үчүн Биримдик жөнүндөгү келишимди өзгөртүү зарыл деп эсептешет Германия менен Франциянын лидерлери. Мындай сунуш Франция президенти Николя Саркози, Германия канцлери Ангела Меркел жана Италия премьер-министри Марио Монтинин кездешүүсүнөн соң жасалды. Страсбургда бейшемби күнү болгон бул жолугушууда евромейкиндиктеги карыз кризиси талкууланды. Азыр евромейкиндиктеги кичине өлкөлөрдөгү финансылык каатчылык уюмдун тиреги саналган чоң мамлекеттерге жайылып кетет деген кооптонуу күчтүү. Саркозинин сөзүнчө, орток акча еврону сактоо 17 мүчөлүү евромейкиндиктин чоң өлкөлөрү Франция, Германия жана Италиянын айныгыс милдети.

XS
SM
MD
LG