Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

Ооган талиптери жети күзөтчүнү катардан чыгарды


Ооганстандын батышындагы талиптердин буктурмасына кабылып, өкмөттүк эмес күзөт компаниясынын жети азаматы окко учту. Фарах провинция губернаторунун өкүлүнүн 24-ноябрда билдиришинче, күзөтчүлөр НАТОнун аскерлерине азык-түлүк тартып бараткан. Алар менен талипетердин аткылашуусу эки саатка созулуп, Ооган полициясы жардамга келгенден кийин токтогон. Талиптер жүк тарткан он машинени иштен чыгарган. Соугшчандардын чыгымы жөнүндө маалымат жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG