Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Араб лигасы Сириядагы кырдаалды талкуулайт


Араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Каирдеги бүгүнкү кездешүүсүндө Сириядагы абалды талкуулашат. Ай башында Араб лигасы ырасмий Дамаскиге кайрылып, президент Башар Ассаддын режимине каршы элдик чыгууларды кан төгүп басууну токтотууну, эгер талап аткарылбаса, Сирия уюмдан чыгарылып, түрдүү санкцияга кабыларын эскерткен.

БУУнун эсебинче, мартта Ассаддын башкаруусуна каршы козголоң башталгандан бери армия менен тиреште 3, 5 миңден ашуун адам набыт болгон.

Франция демонстрацияга чыккан сириялыктарды армиядан коргоо үчүн гуманитардык тилке түзүүгө чакырды. Өлкөнүн Тышкы иштер министри Ален Жюппе “Француз радиосуна” бүгүн берген интервьюда Ассаддын өкмөтү гуманитардык коридор түзгөнгө макул келет, же ал жөнүндө эл аралык мандат берилет деди. Жюппенин сөзүнчө, Сирияга эл аралык күчтөрдү киргизүү маселеси али карала элек.

XS
SM
MD
LG