Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:02

Косоводогу кагылышта НАТОнун 21 аскери жараат алды


НАТО баштаган тынчтык аскерлери билдиргендей, Косовонун түндүгүндө өткөн түндөгү кагылыштар / жергиликтүү сербдер тургузган тосмолорду алып салуу операциясында орун алды. Эл аралык күчтөрдүн маалымат катчысынын кабарлашынча, таш жана шагыл салынган жүк ташуучу машиналар менен кол салган демонстранттарга тынчтык күчтөрү көздөн жаш чыгаруучу газ, таяк колдонушту. Эл аралык аскерлер «эки тараптан тең олуттуу зыянга жол бербеш үчүн, операцияны токтотууну» чечти. Косовонун 2008-жылы өз алдынчалык жарыялашына нааразы болгон жергиликтүү сербдер бери эки ортодогу чек арадагы жолдорду өткөн жайдан тосуп турушат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG