Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Парламент ВИЧ жуккан балдар маселесин талкуулайт


Бүгүн Жогорку Кеңеш ВИЧ жуктуруп алган балдарга көрсөтүлгөн жардамдар туурасында өкмөттүн маалыматын угат. Анда Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитететинин төрайымы Дамира Ниязалиева жана Саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков маалымат беришет. Булардан сырткары жыйынга вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов, Каржы министри Мэлис Мамбетжанов, Социалдык коргоо министри Айгүл Рыскулова, “СПИД” республикалык борборунун башкы директору Жылдыз Курманалиева жана башкалар чакырылган. Бул тууралуу Парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин бул маселени Жогорку Кеңештин Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитети жабык караган.

Дарыгерлердин шалаакылыгынан балдарына ВИЧ инфекциясы жуккан 12 эне 8 баласы менен чогуу 14-ноябрдан бери Бишкекте митинг өткөрүшкөн. Алар 2007-жылы Ош облусунда бир сыйра сайылуучу ийне менен ондогон балага ВИЧти жугузган медицина кызматкерлерин жазага тартууну, мындан ары бул өңдүү окуяларды болтурбоо, балдарга берилүүчү 3 миң сомдук жөлөкпулду кескин көтөрүү, Ошто курулуп жаткан жаңы үйлөрдөн ар бир балага бирден батир берүү, компенсация катары 1 миллион сомдон бөлүп берүү талабын айтышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG