Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:58

Ниязалиева: ВИЧ жуккан учурлар Чүй облусунда да бар


ВИЧ жуккан учурлар жалаң гана Кыргызстандын түштүгүндө эмес, соңку мезгилде Чүй облусунда да катталды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дамира Ниязалиева билдирди. Канча адам кандай шартта бул вируска кабылганын депутат тактап айткан жок. Бүгүн парламент ВИЧ жуккан балдар боюнча маселени талкуулап жатат. Баяндама жасаган депутат Ниязалиева алгач Кыргызстанда ВИЧ 2003-жылы баңги өспүрүмдө катталганын айтты. 2007-жылы Ош облусунда балдардын ооруканасында медицина кызматкерлеринин шалаакылыгынан 36 балага жуккан. Учурда ВИЧ жуккан балдардын саны 283. Алардын 191ине дарыгерлердин шалаакылыгынан жуккан. Буга чейин балдардын ВИЧке чалдыккан учурлары Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында гана катталганы айтылып келген. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG