Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

Таласта жеке менчик таксисттер иш ташташты


Бүгүн Таласта Бишкек-Талас каттамында жүргүнчүлөрдү ташыган 50дөй жеке менчик таксист иш таштап, митингге чыгышты. Алар өз ишмердүүлүгү үчүн мамлекетке акча төлөшөөрүн, бирок жолдун тазалыгын камсыз кылган кызматтар иштебей жатканына нааразы. Өтмөк ашуусунда кар жааганда жолдон жүрүү кыйындап, машиналар тоңуп калган учурлар бар экени айтылды. Митингчи айдоочулар менен облус губернатору Койсун Курманалиева жолукту. Маселени териштирүү үчүн атайын топ түзүлдү. Алар митингчилер менен чогуу Өтмөккө барып, маселени жеринен чечмей болушту. (MbA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG