Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:24

Баткен: Чек ара көйгөйүнө нааразы болгон эл жол тосту


Баткендин Сай айылында чогулган эл чек ара маселесин чечүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу Баткен районунун Сай айылынын тургундарынын атынан Абдыхалил Жусубалиев «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, акыркы учурда өзбек чек арачылары транзиттик каттам менен өткөн автоунааларды текшерүүнү күчөтүп, документтери так болсо да эч кандай жүктү өткөрбөй коюшкан. Буга нараазы болгон Сай айылынын 200дөй тургуну азыр аймакты район борбору менен байланыштырган жолду тосуп турушат. Алар маселе тез арада чечилбесе Баткен-Ош кан жолун да тосууга аргасыз болоорун айтууда.

Чогулгандар чек арадагы абалды жөнгө салып, мурдагы калыбына келтирүүнү талап кылышууда. Алар менен жолугушууга Айдаркен жана Баткен чек ара отряддарынан, жергиликтүү бийликтен өкүлдөр жөнөп кеткени да маалымдалды.

Бул маселелерди чечүү максатында Өзбекстан жана Кыргызстандын тийиштүү кызмат өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүү үчүн бүгүнкү күнгө жолугушуу макулдашылган болчу. Бирок кандайдыр себептер менен жолугушуу эртеңкиге калтырылган. (JsA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG