Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

Кыргыз укук коргоочулары Беляцкийди коргоп пикетке чыгышты


Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында бүгүн пикет өттү. Анын катышуучулары беларус укук коргоочусу Алесь Беляцкийдин төрт жарым жылга кесилишин сынга алышты. Бул боюнча Беларус президенти Александр Лукашенкого жазган ачык катын элчиликтин кызматкерлерине тапшырабыз деп барышкан. Бирок аларга эч ким чыкпай койгондуктан, тарап кетишкенин кабарчыбыз маалымдайт.

Чогулгандардын саны 10дой адам болду. Алар "Кылым шамы", "Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо уюмдарынын жана "Адилет" укуктук клиникасынын өкүлдөрү.

Беларустагы "Весна" укук коргоо борборунун жетекчиси Алесь Беляцкийди сот салык төлөөдөн баш тарткан деген күнөө коюп эркинен ажыратты. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG