Кыргызстанда медицина тармагында иштеген 35 адамда ВИЧ (Адамдын иммундук системасынын бузулушуна алып келген вирус) бар. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Дамира Ниязалиева билдирди. Анын айтымында, 2007-жылы Ош облусунда 36 наристеге ооруканада жаткан жеринен ВИЧтин жугушуна да бул вируска чалдыккан медайым себепкер болгону мүмкүн. Расмий маалымат боюнча, учурда Кыргызстанда 3 789 адамда ВИЧ бар. Алардын 283ү - наристелер. (RK)