Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:43

Аба ырайы: 26-ноябрда жаан-чачын күтүлөт


Шашылыш билдирүү
Ноябрдын 25-28-де жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу автожолдордо кар көчкүсү, кар күрткүсү болот жана муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы асфальт жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо, таш жолдордо, кар көчкү жүрүүчү аймактарда түнкүсүн жолго чыкпоо сунуш кылынат.

Аба ырайы
26-ноябрда мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде көп жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында кар кээ бир райондордо жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде жолдор тайгак, тоңголок болот. Сыдырым жел жүрөт, Ысык-Көл акваториясында шамал батыштан, ылдамдыгы 15-20 м/с.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз -2...+3,
Талас облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз -3...+2,
Баткенде түнкүсүн -1...+4, күндүз 0...5 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...5, күндүз 1...6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...+3 градус, күндүз 2...7,
Нарында түнкүсүн -2...-7, күндүз -4...+1.
Тоолордо түнкүсүн -10...-15 градус, ал эми күндүз -1...-6.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаап, туман түшүшү мүмкүн. Сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы түнкүсүн 1 градус сууктан 1 градуска чейин жылуу, күндүз 0...2 градус жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG