Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:44

Египетте активисттер бүгүн да элди массалык демонстрацияларга чакырышты


Өлкөдө убактылуу аскерий жетекчиликтен бийликти жарандык өкмөткө өткөрүп берүүнү талап кылган нааразылык акциялар жети күндөн бери уланууда.

Бүгүн да Каирдин борбордук Тахрир аянтына миңдеген эл чыкты. Алар жумуриятты февралдан бери башкарып келаткан аскерий кеңеш бийликти утурумдук өкмөткө өткөрүп беришин, ал өкмөт келерки жылдын июнуна белгиленген президенттик шайлоого чейин иштешин талап кылып жатышат.

Ушул аптадагы демонстрацияларда көбүнчө полиция менен кагылышууларда 41 адам набыт болду. Бул калаймандын баары дүйшөмбүдө парламентке шайлоо башталат дегенде болуп жатат.

28-ноябрда баштала турган шайлоо өлкөдө быйыл жыл башында президент Хосни Мубарак ыңкылап жолу менен бийликтен кулатылгандан кийинки алгачкы шайлоо болмокчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG