Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

Путиндин партиясы шайлоодо конституциялык көпчүлүктөн айрылышы мүмкүн


Бул тууралуу бүгүн Орусиядагы эл пикирин сурамжылоочу эң ири көзкарандысыз борбор билдирди.

“Левада” борборунун сурамжылоосунда аныкталгандай, 4-декабрдагы шайлоодо премьер-министр Владимир Путиндин “Бирдиктүү Орусия” партиясы парламенттин төмөнкү палатасындагы 450 орундун 253үн алышы мүмкүн. Азыр болсо бул партия 315 орунду ээлеп турат.

Социологдордун айтымында, экинчи орунду 94 орун менен коммунисттер партиясы алышы ажеп эмес. Андан ары парламентке өтүшү мүмкүн делген партиялардын катарында улутчул ЛДПР жана “Акыйкат Орусия” партиялары аталууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG