Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Каирде он миңдеген эл демонстрацияга чыкты


Египетте бүгүн демонстрацияга чыккан миңдеген эл Утурумдук өкмөттүн башчысы дайындалганына нааразылык билдирип жатат. Өлкөдө аскерий жетекчиликке нааразылык акциялары жети күндөн бери уланууда.

Аскерий кеңеш утурумдук өкмөттүн башчысы катары 78 жаштагы Камал Ганзурини дайындаганына эл нааразы болуп жатат. Ал 1996-99-жылдары быйыл бийликтен кулатылган президент Хосни Мубарактын өкмөтүн жетектеп турган. Азыркы утурумдук өкмөт келерки жылдын июнуна белгиленген президенттик шайлоого чейин иштеши керек.

Ушул аптадагы демонстрацияларда көбүнчө полиция менен кагылыштарда 41 адам набыт болду. Бул калаймандын баары дүйшөмбүдө парламентке шайлоо башталат дегенде болуп жатат. 28-ноябрда баштала турган шайлоо өлкөдө быйыл жыл башындагы ыңкылаптан кийинки алгачкы шайлоо болмокчу.

XS
SM
MD
LG