Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:50

Кар көчкү басып калган унаа табылды


Бишкек-Ош жолунун 246-чакырымында кар көчкү астында калган унаа бүгүн кечке жуук табылганын "Азаттыкка" чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Табылган "Лексус" үлгүсүндөгү унаанын ичинен үч адамдын сөөгүн куткаруучулар сыртка чыгарышты. Алардын экөө Кытайдын, бирөө Кыргызстандын жараны болуп чыкты.


Аталган жерде кар көчкүнүн астында айдоочусу жана жүргүнчүлөрү менен калган унааны издөө иштери кечээтен бери жүрүп жаткан. Жалал-Абаддын Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында түшкөн бул кар көчкүнүн көлөмү бир миллион куб метрден ашык.

Кар көчкү кечээ таңга жуук түшкөн. Ошол замат жол жабылган. Бирок оорулуу жана өтө жардамга муктаж жарандардын унаасы үчүн ушул түнү жол убактылуу ачылып, алар куткаруучулардын жардамы менен, түшкөн кардын үстү менен жолдон абайлап өткөрүлүштү. Ушу тапта жол кайрадан жабык турат. Жол жабылган жерлерде топтолгон жүргүнчүлөргө жергиликтүү бийлик, министрлик тарабынан ысык чай, нан жана чатырчалар берилүүдө. (RK/SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG