Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Eгипетте бир демонстрант набыт болду, демонстрация уланууда


Күбөлөрдүн айтымында, демонстрант эртең менен армиянын унаасы тепсеп кеткенде каза тапты. Өлкөнүн убактылуу аскердик өкмөтүнүн кетишин талап кылган активисттер түнү менен Тахрир аянтында калышты. Азыркы убактылуу өкмөт президенттик шайлоону келерки жылдын орто ченинде өткөрүүгө сөз берген. Активисттер ал шайлоого чейин өкмөттү башкарууга Камал Ганрусинин дайындалышын да кабылдашкан жок. Ганзури кечээ өзүнө артылган милдеттерди «эч ким алкыш айтпай турган» жана «өтө оор» милдет деп мүнөздөдү. Ал коопсуздукту кепилдөө жана экономиканы кайра жандандыруу башкы максаты экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG