Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Июнь коогасында курман болгон милиционердин жакындары жол тосоорун айтууда


Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда былтыр июндагы коогалуу күндөрдө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановдун туугандары Ош-Бишкек жолун тоскону чыгаарын аймактагы кабарчыбызга бүгүн маркумдун энеси Карамат Сулайманова билдирди. Анын айтымында, жол 28-ноябрда былтыр уулу өлтүрүлгөн Кара-Үңкүр көпүрөсүнөн тосулат. Анда маркум Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө жана массалык башаламандыктарга, улуттар аралык араздашууга тиешелүү деп түрдүү мөөнөттөргө эркинен ажыратылган сегиз адамга карата Базар-Коргон райондук жана Жалал-Абад облустук сот өкүмдөрүн күчүндө калтыруу талабы коюлат. Жергиликтүү соттор өмүр бою эркинен ажыраткан беш адамдын арасында базаркоргондук укук коргоочу Азимжан Аскаров да бар. Сулаймановдун жакындарына жеткен маалыматка караганда соттолгондордун көзөмөл арызын кароону Жогорку Сот 29-ноябрда улантат экен.

Былтыр соттолгон адам укугун коргоочу Азимжан Аскаров болсо буга чейин маалымат каражаттары аркылуу милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө тиешеси жоктугун бир канча жолу билдирген. (YA/SM)

XS
SM
MD
LG