Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:38

НАТО Пакистандагы чабуул курмандыктарынын жакындары көңүл айтты


НАТО баштаган Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн башчысы генерал Жон Аллен пакистан-ооган чек арасындагы бүгүнкү чабуулда өлтүрүлгөн же жараат алган пакистандык аскерлердин урук-туугандарына көңүл айтты.

25 аскердин өлүмүнөн кийин Пакистан НАТОнун ташуу жолун жапкан эле. Пакистандын мамлекеттик сыналгысы НАТОнун чабуулунан чек ара тосотунда 25 аскердин набыт болгондугун билдиргендей кийин, өлкө НАТОнун коңшулаш Ооганстанга жүк ташуусун токтоткон. Хыбер уруу аймагындагы администриянын улук өкүлү Мутахир Хусейн «федералдык өкмөттөн буйрук алгандан кийин НАТОнун жүк ташуусу» токтотулганын бышыктады.

НАТОнун Эл аралык Коопсуздук Жардам күчтөрүнүн өкүлү АФП агенттигине бул окуя тууралуу маалымат топтолуп жаткандыгын билдирди.

– Биз бул сандарды азырынча тактай албайбыз. Бирок биз Кунар дубанынын жана өлкөнүн чек арасында бул кырсыктын болгонун билебиз. Жакын арада тийиштүү билдирүү болот, - деди Ооганстандагы НАТО аскерлеринин маалымат катчысы генерал Карстен Якобсон Кабулда Азаттыктын ооган кызматына.

30-сентябрда да ушундай кокустуктан кийин жол жабылып, НАТОнун Ооганстанга жүк ташуусу 10 күнгө токтоп калган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG