Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

Ок атуу боюнча өлкө чемпионаты башталды


Бүгүн Бишкекте башталган тапанча жана мылтык атуу боюнча мергендердин мелдешине Жалал-Абад, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан 60 мергенчи катышып жатат. Бул тууралуу мелдеш өтүп жаткан жеринен “Азаттыктын” спорттук баяндамачысы Кабыл Макеш билдирди. “Азаттыка” маек курган Аксы районунан келген Чалабек Тазабеков спорттун бул түрүнө акыркы жылдары кош көңүл мамиле жасалып жатканын, көптөгөн айылдык мергенчилер мылтык атууга ар кандай себеп менен тыюуу салынгандыктан ок атуу спорту менен алектенбей калышканын айтты. Чемпионат эртең 28-ноябрда аяктайт. Кыргызстан ок атуу боюнча өткөрүлгөн дүйңөлүк жана Азия чемпионаттарына үзгүлтүксүз катышып келет, өткөн айда Кувейтте өткөн ок атуу боюнча Азия оюндарында кыргызстандык Бактыгүл Махмадова үчүнчү орунга ээ болгон. (JAk)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG