Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

КТРК менен 5-каналды колдогон флеш моб акция өтөт


Коомдук телеканалдын байкоочу кеңеши тараткан маалымат боюнча эртең 28-ноябрда КТРКнын жана 5-каналдын журналисттерин колдогон “Эркин сөзгө эркиндик бер”деп аталган флеш моб акция өтөт. Акцияга чыккан медиа өкүлдөрү кыргыз парламентинин сөз эркиндигине болгон мамилесин өзгөртүү керектигин айтып, асманга шарларды учурушат.

Бишкекте буга чейин да КТРК менен 5-каналды колдогон бир канча нааразылык акциялары өтүп келген. Жогорку Кеңеш 22-сентябрдагы жыйынында 5-канал тууралуу мыйзамды президенттин каршы пикиринен ашып түшүп, көпчүлүк добуш менен кабыл алып, аталган телекомпанияны парламенттик канал болсун деп чечим чыгарышкан.

Андан көп өтпөй парламент Убактылуу өкмөттүн декрети менен түзүлгөн КТРКнын Байкоочу кеңешин таратып, анын ордуна жаңы курам келишин караган мыйзам долбоорун президенттин каршы пикирине карабай кабыл алган. Парламенттин бул кадамын медиа коомчулук кескин сындап келатат. JAk

XS
SM
MD
LG