Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:55

Пакистан НАТОнун чабуулуна «катуу» нааразы


Пакистандын тышкы иштер министри Хина Раббани Кар АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтонго телефон чалып, ишембидеги кеминде 24 пакистандык аскер набыт болгон НАТОнун ооган-пакистан чек арасындагы абадан сокку уруусуна «терең нааразылык» билдирди.

Кабарларга караганда, Кар Клинтонго бул чабуул эл аралык мыйзамды жана адамдын өмүрүн көзгө илбөөнү билдирип, Пакистандын суверендүүлүгүнө шек келтирип жатканын айтты жана Пакистан АКШ менен алакасын кайра карап чыгууга мажбур болоорун билдирди.

Пакистан кечээ АКШ баштаган НАТО аскерлеринин Ооганстанга жүк ташыган жолун жаап салды жана Вашингтондон америкалык пилотсуз учактар турган базаны бошотууну талап кылды. Клинтон жана АКШнын Коргонуу катчысы Леон Панетта биргелешкен билдирүү жарыялап, аскерлердин өлүмү үчүн терең тынчсыздануу билдиришти. НАТО бул окуяны тыкыр иликтөөгө сөз берди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG