Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Йеменде президенттик шайлоо февралда өтөт


Йеменде 21-февралда чукул президенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу вице-президент Абдрабух Мансур Хади билдирди. Мындай шайлоо президент Али Абдулла Салехтин отставкасы боюнча келишимде каралган. Ал келишимде Салех бийлигин вице президентине өткөрүп берген. Перси булуңундагы өлкөлөрдүн арачылыгы менен жетишилген келишимде эрте шайлоо өткөн аптада башталган токсон күндүк өткөөл мезгилден кийин уюштурулушу каралган. Салех көп айлардан берки өкмөткө каршы кандуу демонстрациялардан кийин бийлигин тапшырды. Болбосо президенттик шайлоо Йеменде 2013-жылы болмок.

XS
SM
MD
LG