Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

Арап лигасы Сирияга санкция кигизмей болду


Сирия лиганын байкоочуларын өлкөгө киргизүүгө макулдугун бербегенден кийин, Арап лигасынын тышкы иштер министрлери кечээ Сирияга каршы санкция киргизүүнү макулдашышты.

Санкция үчүн лигага мүчө 22 өлкөнүн 19 добушун берди. Шартка ылайык, мүчөлөрдүн үчтөн экиси добуш берген чечим күчүнө кирди деп эсептелинет.

Чечимге ылайык, Сириянын борбордук банкы менен кызматташуу токтотулат, өлкөнүн сырттагы банк эсептери камакка алынат, азыркы режимге кызмат кылган төбөлдөрдүн лигага мүчө өлкөлөргө саякатташына тыйуу салынат.

Ал арада өлкөдө зомбулук дале улантылып жатканы тууралуу кабарлар түшүүдө. Сырттагы сириялык адам укугун коргоочулардын айтымында, кечээ өлкө боюнча 10 адам өлтүрүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG