Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

Путин шайлоодо “Бирдиктүү Орусиянын” атынан талапкер болот


"Бирдиктүү Орусиянын" жыйынында орус премьери Владимир Путин партиянын атынан талапкер катары көрсөтүлүүгө түшкөн сунуш үчүн рахмат айтып, ага макулдугун билдирди.

Ал алдыдагы шайлоого Батыш “кийлигишүүгө аракет кылбашы керек” деп эскертип, “Орусия демократиялык өлкө жана алар келишимге жетиши керек болгон ишенимдүү өнөктөш” деди. “Бирок сырттан эч нерсенин таңууланышын кабыл ала албайт”, - деди Путин.

Жыйында сөз сүйлөп, президент Дмитрий Медведев Путинди мактады.

"Президенттикке талапкер Владимир Владимирович Путин эң популярдуу, эң тажрыйбалуу жана азыркы Орусиянын эң ийгиликтүү саясатчысы", - деди Медведев.

Орусияда 4-декбарда парламентке шайлоо өтөт, ал эми президенттик шайлоо келерки жылдын мартына белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG