Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:58

Чаткалда калын жааган кар чатырларды сындырды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, кечээ кеминде 1-1,5 метр жааган кардын кесепетинен Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылдык округунда турак-жайлардын чатырларына зыян келди. Округдагы Башкы-Терек айылында жайгашкан 2 кабаттуу орто мектептин чатырынан түшкөн кар жанындагы бир кабаттуу имараттын 117 даана шиферин сындырды. Ошондой эле айылда көп жааган кардын кесепетинен жергиликтүү дарылануу бөлүмүнүн 20 даана шифери, дан сактоочу кампанын 32 даана шифери, бир тургундун үйүнүн 15 даана шифери сынган. Азыркы убакта айылдык округ тарабынан жарандык коргонуу комиссиясы түзүлүп, айыл тургундарынын жардамы менен тазалоо иштери жүрүп жатат.

Кар калың жаап, туман түшкөндүгүнө байланыштуу Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров унаа жолунун 62-105-чакырымдарында кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү иш-чарасы убактылуу токтотулду. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG