Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Аламүдүндө газ баллон жарылып, 9 адам жабыркады


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ түштөн кийин Аламүдүн районунун Пригородное айылында бир үйдүн газ баллону жарылып кетип, тогуз адам жаракат алды. Алардын ичинен 8 жана 16 жаштагы эки бала оор жаракат алып, Бишкекке алынып келип, реанимацияга жаткырылды. Калган адамдар күйүк бөлүмүнө жеткирилди. Азырынча кырсыктын себеби белгисиз. (KKs)

XS
SM
MD
LG