Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Балыкчыда Кумтөргө кеткен жол тосулду


Балыкчы шаарында жүзгө чукул адам Кумтөр кенин иштетип жаткан “Центерра Голд” компаниясынын базасына келип, ишканага кете турган жолду тосуп турушат. Бул тууралуу “Азаттыкка” акциянын уюштуруучусу “Кумтөр элдики” кыймылынын мүчөсү Самат Алиев билдирди. Балыкчыда нааразылык акция өтүп жатканын шаар мэринин милдетин аткаруучу Мирлан Бообеков да тастыктады. Чогулгандар 2009-жылы Кумтөр кени боюнча түзүлгөн келишимди кайра карап чыгууну, кенди иштетүүдө экологиялык зыян-пайданы тактоону жана Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүүнү талап кылышууда. “Кумтөр элдики” кыймылы талаптары аткарылмайынча бул акцияны улантууну көздөөдө.

Бул өңдүү нааразылык акциялары былтыр ноябрь айында, быйыл жыл башында уюштурулган болчу. “Центерра Голддун” отуз үч пайыз акциясы Кыргызстанга тиешелүү. (KKs)

XS
SM
MD
LG