Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Ошто кыз ала качууга каршы өнөктүк жүрүүдө


Ош облусунда «Кыз ала качууга каршымын» деген аталышта атайын өнөктүк жүрүп жатат. Анын алкагында жарандар «Мен зомбулуксуз жашоо үчүн!», «Мен ыктыярдуу баш кошуу үчүн!» деген жазуулары бар баракчага кол коюшууда. Бул акцияны «Аруулан» кризистик борбору уюштурган. Борбордун жетекчиси Наргиза Ештаева «Азаттыкка» билдиргендей, чакырык жазылган баракчаларга ыктыярдуу түрдө кол тамгасын калтыргандар улам көбөйүүдө:

- Жарандарга кагазга кол койдуруу менен гана тим болбой, аларга зомбулук менен курулган үй-бүлөнүн кийинки кесепеттери, тең укуктуулук жаатында түшүндүрүү иштерин да жүргзүп жатабыз,- дейт Наргиза Ештаева.

Кыз ала качуу акыркы жылдары кыргыз коомчулугунда курч маселеге айланып, адистер ала качуу менен куралган үй-бүлөлөрдүн үчтөн бир бөлүгү ажырашууга дуушар болоорун айтып келишет. Бүгүн гендердик зомбулукка каршы Бишкектеги жыйынга катышкан президент Роза Отунбаева да коомчулукту кыз ала качууну токтотууга чакырды.
(SjE/SM)

XS
SM
MD
LG