Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

Ошто социалдык маалыматтар СМС менен берилүүдө


Ош шаарында жарыктын, газдын өчүшү, жолдордун жабылышы жана башка социалдык багыттагы жаңылыктар алдын ала СМС аркылуу шаар тургундарына маалымдалууда. Ал Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ресурстук борборунун «Коңгуроо» деген долбоорунун алкагында ишке ашып жатат. Борбордун кызматкери Чынара Туташева «Азаттыкка» маалымдагандай, билдирүүлөр кыргыз, орус жана өзбек тилинде жөнөтүлөт.

- Биз алдын-ала СМС билдирүү алууга макулмун дегендердин телефон номерлерин жазып алганбыз. Алардын саны улам өсүп жатат. Биздин билдирүүлөрдүн негизинде айрым жарандар иш пландарын түзүп жатышканын да айтышууда,- дейт Чынара Туташева.

Долбоорго ылайык, саясий багыттагы кыска билдирүүлөр жөнөтүлбөйт. Социалдык маанидеги жана маданий жаңылыктар күн сайын шаар тургундарына кабарланып турат. Долбоор АКШ элчилигинин алдындагы Демократиялык комиссия тарабынан каржыланууда. (SjE)

XS
SM
MD
LG