Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Атамбаев автожолдорду тыкыр көзөмөлдөөгө чакырды


Өкмөт башчы, шайланган президент Алмазбек Атамбаев Транспорт жана коммуникация министри Эркин Исаков менен жумушчу жолугушуусунда Кыргызстандагы автожолдордогу абалды тыкыр көзөмөлдөп, кар көчкү коркунучу бар аймактарда жол коопсуздугун камсыз кылууга чакырды. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өз сөзүндө Атамбаев түндүк менен түштүктү байланыштырып турган кошумча жолдорго муктаждык бар экенин, аба ырайы каттамдарга тоскоол болбошу керектигине белгиледи.

Транспорт жана коммуникация министри Эркин Исаков болсо, ушул тапта Бишкек-Ош жолунда кар көчкүлөрдү аткылап түшүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Өткөн аптада Бишкек-Ош жолунун 246-чакырымында кар көчкү түшүп, бир унааны басып калган. Мындан улам бул каттам убактылуу жабылган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG