Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Тажикстанда маң заттары былтыркыдан 31 процентке көп кармалды


Быйыл Тажикстанда маң заттары өткөн жылдын алгачкы он айына салыштырмалуу 30, 6 процентке көп колго түшүрүлдү. Тажикстандын маң заттарын көзөмөлдөө агенттигинин маалымдашынча, январь-октябрь айларында 3937 кило маң заттары, анын ичинде 500 килодой героин кармалды. БУУнун Маң аткезчилигине жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттигинин айтышынча, Ооганстандан Борбор Азия аркылуу ташылган маң заттарынын 10 проценти гана колго түшүрүлөт.

XS
SM
MD
LG