Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:11

Башкы прокуратура: Уулуу көмүр артка кайтарылат


Башкы прокуратура Казакстандын Кулан кенинен Бишкекке алынып келген радиациялуу көмүр кайра артка жөнөтүлөрүн билдирди. Уулуу көмүр боюнча 11-ноябрда кылмыш иш козголгон болчу. Андан мурдарак мекемелер аралык комиссия Бишкек жылуулук борборуна түшүрүлгөн көмүрдө радиациянын деңгээли 10-12 эсе жогору экенин аныктап, көмүрдү кайра артка жөнөтүүнү чечкен.

Энергетика министри Аскарбек Шадиев “Электр тармактары” ачык акционердик коомунун башчысы Аман Тентиевге сөгүш жарыялаган.

Быйыл аталган акционердик коом Бишкек жылуулук борборун көмүр менен камсыздоо боюнча тендер өткөрүп, анын жеңүүчүсү деп Казакстандын “Кулан” ишканасы табылган болчу.

Сентябрь айында 8,5 миң тонна көмүр алынып келген эле. Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында көмүрдө радиациянын көлөмү жогору экени айтылып, мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG