Кеминдеги улуу зилзаланын 100 жылдыгына байланыштуу бүгүн Бишкекте эки күндүк эл аралык жыйын башталат. Ага Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнөн келген 70тен ашуун адис катышып, аймактагы жер титирөөгө байланыштуу маселелерди талкуулашмакчы.
Кыргызстандын Сейсмология институнун деректири Канатбек Абдрахматов Кеминде туура 100 жыл мурун Борбор Азиядагы эң ири жер титирөө катталганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, улуу зилзаладан Кыргызстанда 500гө жакын адам каза тапкан. Очогу Чоң-Кемин болгон. Көчкү болуп бүтүндөй бир айыл басылып калганы айтылат.
Көз ачып-жумгуча, тактап айтканда, 6 секунддун ичинде Чүйдөн Ысык-Көлгө жеткен 200 чакырымдан ашуун жерге жараңка кеткен. Жер астынан бийиктиги 25 метрлик суу атып чыгып бир нече саат бою токтогон эмес. Мунун баарын 1914-жылы Кыргызстанга келген орусиялык окумуштуулар иликтеп жазып чыккан, дейт Абдрахматов. (EBM)