Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 13:24

Бишкек менен Ош милициясы күчөтүлгөн тартипке өттү


Бишкек менен Ош шаарларында милиция кызматкерлери бүгүнтөн тартып 2-декабрга чейин күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Ички иштер министрлигинин маалымдашынча, мындай чара президенттин ант берүү жөрөлгөсүнө байланыштуу көрүлүп жатат. Коомдук коопсуздукту камсыз кылууда милицияга элдик кошуундун өкүлдөрү да жардам бермекчи.

Шайланган президент Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясы 1-декабрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG