Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:19

Египеттеги шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн активдүүлүгү байкалууда


Каирдеги добушканалардын бириндеги көрүнүш, 28-ноябрь, 2011

Каирдеги добушканалардын бириндеги көрүнүш, 28-ноябрь, 2011

Өлкөдө көптөн берки президент Хосни Мубарак быйыл февралда бийликтен кулатылгандан бери жумуриятта алгачкы парламенттик шайлоо тынч өтүп жатат.

Шайлоолор боюнча Жогорку соттук комитеттин төрагасы, судья Абдел Моез Ибрагим: “Кудайга шүгүр, адамдар шайлоого активдүү катышууда. Биз мындайды күткөн эмеспиз, таң калып турабыз”, - деди.

Парламенттин төмөнкү палатасына шайлоо кечээ башталган, январдын этегинде аяктайт. Азыр добуш берүү Каир, Александрия жана башка бир топ ири шаарларда өтүүдө. Электораттын катышуусу активдүү экени, эл добушканаларда кезекке туруп калган учурлар болуп жатканы кабарланууда. Кийин парламенттин жогорку палатасына да шайлоо өтөт, ал мартта аяктайт.

Бул шайлоодо “Мусулман агаиндер” өңдүү исламчыл партиялар жеңиши мүмкүн дешет эксперттер. Шайлоонун алдынан 10 күндөй өлкөдө абал кескин курчуп, кандуу калайманда 41 адам мерт болду. Өлкөнү убактылуу башкарган аскерий жетекчиликке жини келген эл ал кеңеш кантип болбосун, бийликти өз колунда сактап калганга аракет кылып жатат деп эсептейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG