Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Косоводогу кагылыштарда НАТОнун 25 аскери жаракат алды


Түндүк Косоводо кечээ сербдер НАТОнун жайчылык максаттагы аскерлерине ок чыгарып, бир немис командири менен бир аскерди жарадар кылышкан эле.

Жаңы түшкөн кабарларга караганда, кагылышта жалпысынан 25 аскер жана ондогон сербдер жаракат алышты. Аскерлер ал жерге жергиликтүү сербдер жолду тосуш үчүн тургузган тосмону бузганы барышкан болчу. НАТОдон билдиришкендей, аскерлер тосмону алышына сербдер тоскоолдук кылып кол салышкан.

Косовонун түндүгүндө жашаган серб азчылыгы 2008-жылы республика көз карандысыздык жарыялаганын тааныбай келет. Косоводогу албандардын эгемендигин дүйнөдө 85 мамлекет тааныган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG