Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Казакстанда түрмөдөгү өлүм боюнча анын төрт кызматкери соттолушу мүмкүн


Руслан Оздоев - түрмөдө көз жумган Шамил Ярославлевдин агасы. Астана, 23-ноябрь, 2011
Руслан Оздоев - түрмөдө көз жумган Шамил Ярославлевдин агасы. Астана, 23-ноябрь, 2011
Шамил Ярославлев 3-ноябрда Долинка шаарчасындагы түрмөдө каза болгон. Анын бир тууган агасы Руслан Оздоев “Азаттыкка” кабарлагандай, Ярославлев өлгөндөн 24 күндөн кийин гана, өткөн жекшембиде жерге берилди.

Оздоевдин айтымында, анын бир тууганынын денесин экинчи ирет экспертизадан өткөрүп, ал чын эле ур-токмоктон каза болгону аныкталгандан кийин сөөгү жерге берилди.

Алгачкы текшерүүдө ал эч кандай күч колдонулбай эле өз ажалы менен өлгөн деп тыянак чыгарылган болчу. Оздоев, андан сырткары, 26-ноябрда Карагандыда сот түрмөдөгү төрт кызматкерди “бул өлүмгө тиешеси бар болушу мүмкүн” деген шек менен кармаганын айтты.

Караганда прокуратурасынын мекемеси чындап эле бул окуя боюнча төрт түрмө кызматкери кармалганын ырастады, бирок алар камалган-камалбаганын айта алышкан жок.

XS
SM
MD
LG