Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Кумтөргө кетчү жол дагы эле жабык бойдон


Балыкчы шаарында Кумтөргө кетчү жол дагы эле тосулган бойдон турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” акциянын уюштуруучусу “Кумтөр элдики” кыймылынын мүчөсү Самат Алиев билдирди. Жүздөй адам жолду кечээ буушкан. Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан “Центерра Голд” компаниясынын базасынын алдында бүгүн да жүзгө жакын адам ишканага кете турган жолду тосуп турушат.

Чогулгандар 2009-жылы Кумтөр кени боюнча түзүлгөн келишимди кайра карап чыгууну, кенди иштетүүдө экологиялык зыян-пайданы тактоону жана Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүүнү талап кылышууда. “Кумтөр элдики” кыймылы талаптары аткарылмайынча бул акцияны улантууну көздөөдө.

Бул өңдүү нааразылык акциялары былтыр ноябрь айында, быйыл жыл башында уюштурулган болчу. “Центерра Голддун” отуз үч пайыз акциясы Кыргызстанга тиешелүү. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG