Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Украинада пенсионерлер Донецк облус башчылыгын басып алууга аракет кылышты


Украинада кечээ пенсионерлер Донецк облустук администрациясынын имаратын басып алганга аракет кылышты. Эки жүзгө чукул пенсионер имараттын эшигин бузуп киргенге үлгүргөнү менен, андан ары ондогон милиция кызматкерлери аларды имаратка киргизишкен жок.

Пикетке чыккандардын лидери Владимир Ивахненко айтканына караганда, алар согуш ардагерлеринин, ооган согушунун катышуучуларынын жана Чернобыл кырсыгынан кийинки иштерге тартылгандардын пенсиясына кошумча 30% төлөмдүн алынып салынышына каршылык билдириш үчүн чыгышкан.

Андан бир күн мурда жергиликтүү Пенсиондук фонддун өкүлчүлүгү алдында ачкачылык жарыялагандарды таркатуу учурунда анын катышуучуларынын бири, 70 жаштагы Геннадий Коноплев көз жумган болчу.

Оппозиция болсо соңку күндөрдөгү окуялардан кийин президентке кайрылып, облус губернатору менен өлкөнүн Ички иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлерин кызматтап алууга чакырды.

XS
SM
MD
LG