Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Ошто дарыгерлер нааразылык акциясына чыгышты


Ош облустук мамлекеттик администрациясынын алдында 300гө жакын дарыгер нааразылык митингин өткөрүштү. Алар жаш балдарга ВИЧ жугушунда дарыгерлер бир тараптуу күнөөлөнө бербесин деген талапты коюшту.

Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн жана Ош шаарларынын дарылоо мекемелеринен келишкен ак халатчандар балдарга ВИЧтин кандай жол менен жуккандыгын эл аралык адистер менен биргеликте иликтөө керек дешүүдө. Эгер бул талаптары аткарылбаса, алар кайрадан мөөнөтсүз нааразылык акцияларына чыга тургандыктарын билдиришип, тарап кетишти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда 283 балада ВИЧ бар. Алардын 191ине ВИЧ дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ооруканаларда жуккан. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG